Эстутум картасын салыңыз
Бул аппарат менен Nokia тарабынан кошо колдонууга жактырылган туура келген
гана MicroSD карталары колдонуңуз. Nokia эстутум карталарга бекитилип болгон
өндүрүш стандарттарын колдонот, бирок кээ бир маркалардын бул аппаратка
туура келбей калышы мүмкүн. Туура келбеген карталарды колдонуу картаны,
аппаратты бузуп жана картада сакталган маалыматтын ойронун чыгарышы
мүмкүн.
Сиздин аспабыңыз 16 ГБ чейин сыйымдуулугу бар microSD карталарды колдойт.
Бир файлдын чоңдугу 2 ГБ ашпоосу абзел.
Баштоо
9
Эстутум картасын салуу
1 Салынган батарейканы чыгарып, жана эстутум картанын уячасын бошотууга
түртүңүз.
2 Карта уячасын аңтарта ачыңыз.
3 Эстутум картаны карта уячасына тийчү бетин ылдый каратып, жаткызыңыз.
4 Карта жаткан уячасын жабыңыз.
5 Карта уячасын тартып ордуна бекитиңиз.