Nokia 7230 - Кирүү коддор

background image

Кирүү коддор
Коопсуздук коду сиздин аспабыңызды уруксатсыз пайдалануудан алып калат.

Алдын ала коюлган код 12345. Сизге кодду түзүп, өзгөртүп жана аспапты кодду

сураттырып коюуга болот. Кодду аспабыңыздан бөлөк, коопсуз жерге жашырып

жүрүңүз. Эгер сиз кодду унутуп, жана аспабыңыз кулпуланып калса, аспабыңыз

атайын тейлөөгө муктаж болот. Кошумча акы төлөнүп жана аспабыңыздагы

баардык жеке маалымат жок болуп калышы ыктымал. Дагы маалымат алууга

Nokia Care жайына же аспабыңыздын сатуучусуна кайрылсаңыз болот.
PIN коду менен камсыздалган SIM карта уруксатсыз колдонуудан корголот. Кээ

бир SIM карталар PIN2 коду менен камсыздалат, жана алар белгилүү бир

кызматтарга кирүүгө керектелет. Эгерде сиз, PIN же PIN2 кодун үч жолу, ирети

менен туура эмес киргизип алсаңыз, анда сизден, PUK же PUK2 кодун

киргизүүңүздү сурайт. Эгерде алар сизде жок болсо, кызмат камсыздоочуңузга

кайрылыңыз.
PIN модулю сиздин SIM картаңыздын коргоо модулюндагы маалыматты билүүгө

пайдаланат. Кол коюлчу PIN дин санарип кол коюу түзүүдө кереги тийип калат.

Чектөө шартсөзү чалууну чектөө кызматын колдонгондо талап кылынат.

Аспабыңыз иштегенде кирүүчү коддор жана коргоо орнотуулары кандайча

пайдаланып тураарын коюуга

Меню

>

Орнотуулар

>

Коопсуздук

тандаңыз.