Bluetooth зымсыз технологиясы
Bluetooth технологиясы радио толкундарын пайдаланып аспабыңызга туура
келген Bluetooth түзүлүшкө 10 метр (32 фут) аралыктан байланышууга
мүмкүнчүлүк берет.
Бул аппарат Bluetooth Specification 2.1 + EDR менен туура келип, төмөнкү
профильдерди колдойт: Коммутатор аркылуу желе кирүү профили (DUN) Файл
тапшыруу профили (FTP) Жалпы кирүү мүмкүнчүлүк профили (GAP) Жалпы
объект алмаштыруу профили (GOEP) Колу бош профили (HFP) Гарнитура
профили (HSP) Объект таңулоо профили (OPP) Телефон китепчесине кирүү
мүмкүнчүлүк профили (PBAP) Чиркелген порт профили (SPP) Кызмат издеп табуу
тиркеменин профили (SDAP) SIM кирүү мүмкүнчүлүк профили (SAP). Bluetooth
технологиялары колдогон башка аппараттардын өз ара иштешүүнү камсыз кылуу
максатында Nokia тарабынан бул модель үчүн жол берилген жабдууларды
пайдаланыңыз. Бул аппарат менен башка аппараттардын айкалышуусу тууралуу
маалымат алуу үчүн ал аппараттардын өндүрүүчүсүнө кайрылыңыз.
Bluetooth технологиясын колдогон функциялардын колдонуусу, батареяга болгон
талапты жогорулатат жана батареянын иштеген мөөнөтүн кыскартат.
Зымсыз аппарат алыскы SIM режиминде болгондо, чакырыктарды жасоодо
автомобилдик комплекттер сыяктуу атайын кошумча жабдууларды колдонуу
менен чалып же кабыл ала аласыз.
Бул режимде зымсыз аппаратыңыз программаланган тез жардам номерлеринен
сырткары башка номерлерге чалуу жүргүзбөйт.
Чалуу жасоо үчүн, эң алдыда алыскы SIM режиминен чыгышыңыз керек. Эгер
аппаратыңыз кулпуланган болсо, аны бошотуу үчүн кулпу кодун киргизиңиз.
Орнотуулар
23
Bluetooth байланышуусун ачыңыз
1
Меню
>
Орнотуулар
>
Байланыш түрү
>
Bluetooth
дегенди тандаңыз.
2
Телефонумдун аты
тандаңыз жана аспабыңыздын атын жазыңыз.
3 Bluetooth байланыш мүнөзүн жандантууга
Bluetooth
>
Бар
тандаңыз.
Bluetooth байланыш мүнөзү активдүү болгонун көрсөтөт.
4 Аспабыңызды укма кошумча аспабына туташтыруу үчүн,
Укма кош.асп.
байл
жана кошумча аспапты тандаңыз.
5 Аспабыңызды жетүүгө болгон Bluetooth түзүлүшү менен коштоштурууга
Коштошкон аспап.
>
Жаңы асп. кош
дегенди тандаңыз.
6 Табылган аспапка чейин жылдырып жана
Кош
тандаңыз.
7 Аспабыңызда кирүү кодун (16 символго чейин) жазыңыз жана башка Bluetooth
түзүлүшүнө байланышууга уруксат бериңиз.
Аппаратты жашыруун режимде иштетүү зыяндуу программалардан сактоо үчүн
коопсузураак. Bluetooth байланышын сиз ишенбеген булактардан кабыл
албаңыздар. Bluetooth функциясын өчүрүп да койсо болот. Бул аппараттын
башка функцияларына тоскоол болбойт.
Жеке компьютериңизди интернетке туташтырыңыз
Туура келген PCке интернетке туташтыруу үчүн Bluetooth технологиясын
пайдалана аласыз. Аспабыңыз интернетке (тармак кызматы) байланышууга
жөндөмдүү болушу керек жана сиздин PC Bluetooth технологиясын колдошу
керек. Аспаптын тармак кирүү чекитинин кызматына (NAP) байланышып жана PC
менен коштоштурулгандан кийин, аспабыңыз автоматтык түрдө интернетке
топтом маалымат байланышуусун ачат.